Сел кырсыгынан жабыркаган кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө материалдык жардам берилди

2026-жылдые 13-июлунда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарына жана Момбеков айыл аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, бир катар көчөлөрдү, турак-жайларды, короо-сарайларды каптап, инфраструктуралык объектилерге зыян келтирген.

Болуп өткөн сел кырсыгынын кесепетинен бир катар мугалимдердин турак-жайлары, үй-мүлкү жана жеке чарбасы зыянга учурап, жалпы 50дөн ашык билим берүү кызматкерлеринин үйүн, 2 бала бакча жана 1 мектепти сел каптаган.

Сел кырсыгынан жабыркаган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу Ноокен райондук комитети тарабынан бюджеттик мүмкүнчүлүккө жараша материалдык жактан колдоо көрсөтүлдү.

Окшош жаңылыктар