ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ ЖАНА КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛДИ

2026-жылдын 10-11-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин   иш планына ылайык, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад шаардык  кесиптик бирлик комитети тарабынан билим берүү мекемелеринин 2026-2027-жылдарга карата жаңы окуу жылына даярдыгы жана коопсуздук шарттары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган текшерүү иштерине  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад шаардык  кесиптик бирлик комитетинин техникалык инспектору А.Мамажунусов жана уюштуруу иштери боюнча адиси А.Чирмашева катышты. Анда мониторингдин жүрүшүндө төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулду:

-Оңдоп-түзөө иштеринин аткарылышы;

-Эмгекти коргоо жана коопсуздуе техникасынын эрежелеринин сакталышы;

-Окуу кабинеттеринин, имараттардын жана чектеш аймактардын даярдыгы;

-Санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышы.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад шаардык  кесиптик бирлик комитети тарабынан айрым маселелер боюнча тиешелүү сунуштамалар берилип, даярдык иштерин коюлган графикке ылайык убагында бүткөрүү керектигин баса белгиленди.Берилген маалыматка ылайык,толук аяктоо иштери 1-сентябрда сонуңа чыгат.

Окшош жаңылыктар