ОШ ШААРЫНЫН 40 МУГАЛИМИ ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛУУДА

2026-жылдын 7-11-августуна чейин Ош шаарынын билим берүү тармагынын 40 мугалими Ысык-Көлдөгү «Август» эс алуу борборуда жайкы эс алуусун өткөрүүдө. Бул быйылкы жылга коюлган планга ылайык, акыркы 6-агым менен эс алуу болуп саналат. Буга чейин Ош шаары боюнча 5 агым менен жалпы 275 мугалим эс алып кеткен.

Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерленин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу Ош шаардык комитети тарабынан уюштурулган.

Эс алуучулар үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, алардын ден соолугун чыңдоого, моралдык жактан сергип, күч-кубат топтоосуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жайкы эс алууга арналган бул иш-чарада мугалимдер үчүн атайын программа түзүлүп, катышуучуларга ар кандай оюн-зооктор уюштуруп, билим тармагы боюнча суроо-жооп ирээтинде пиркир алышып, жагымдуу маанай тартууланды.

Эс алууга келген билим берүү тармагынын кызмакаткерлери уюштуруучуларга ыраазычылын билдирип, мындай иш-чара мугалимдер ортосунда ынтымактын бекемделишине жана тажрыйба алмашуусуна чоң түрткү болоорун билдиришти.

Билим берүү жана илим кызматкерлерини кесиптик бирлигинин Борбордук комитети билим тармагындагы кызматкерлерди колдоо иштерин уланта берет.

Окшош жаңылыктар