ЫСЫК-КӨЛ: БАТКЕН ОБЛУСУНУН МУГАЛИМДЕРИ ЭС АЛУУДА

2026-жылдын 4-8-август күндөрү Баткен облусунун билим берүү тармагынын кызматкерлери Ысык-Көлдө жайгашкан «Кызыл гвоздика» ден соолук чыңдоо борборунда эс алууну өткөрүүдө.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан  коюлган пландын алкагында ишке  ашырылууда.

Беш күнгө пландалган бул эс алууда Баткендин мугалимдер жамааты ден соолукту чыңдап, кесиптештер ортосундагы ынтымакты, достукту жана биримдикти дагы да бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзуштү.

 Мындан тышкары уюштуруучулар тарабынан түзүлгөн программага ылайык, катышуучулар Боз-Салкын жайлоосуна барып, жаратылыштын кайталангыс сулуулугуна күбө болуп, үч күн бою акысыз жылуу дарылык сууга барып, ден соолуктарын чыңдап, сергек жашоонун демин алышты. Мындай эс алуу алдыдагы окуу жылына карата түзүлгөн дем-күч болду.

Эс алуу – бул жөн гана тыныгуу эмес, жаңы дем, жаңы күч жана жаңы ийгиликтерге болгон ишеним! Ынтымак бар жерде – ийгилик бар! Ден соолук бар жерде – бакыт бар!

Окшош жаңылыктар