Ж.Баласагын атындагы КУУнун кызматкерели  жаңы ишке кирген  «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышты

Ж.Баласагын атындагы КУУнун кызматкерели жаңы ишке кирген «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышты
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине таандык «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда КУУнун өлкөнүн жети дубанындагы билим тармагында эмгектенген кызматкерлер жайкы эс алууларын кезек-кезеги менен өткөрүүдө.
Алсак, 2026-жылдын 30-июлунан 4-августуна чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 50 кызматкери акысыз «Кызыл гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышты.
Бул демилгенин негизги максаттары — университеттин учурдагы билим берүү түзүмүнө кирген аймактык билим берүү бөлүмдөрүнүн жамааттарынын ортосунда биригүү жана кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле кызматкерлерге социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүү жана ден соолукту чыңдоо программаларын ишке ашыруу маселелери боюнча КУУнун Кесиптик бирлик комитети менен университеттин жетекчилигинин ортосунда социалдык өнөктөштүктүн формаларын өнүктүрүүгө багытталган.

Окшош жаңылыктар