Бүгүн, 2026-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси Абдыкадыр Жунусов Ош шаарында иш сапары менен болду. Анда Ош облусунун райондук, Ош шаардык жана жогорку окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери менен жолугушуу өткөрүп, аймактагы кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгү боюнча маселелер талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө Борбордук комитеттин жүргүзүп жаткан иштери, алдыдагы артыкчылыктуу милдеттер каралып, кесиптик бирлик кыймылын өнүктүрүү багыттары, ошондой эле мүчөлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону күчөтүү, уюштуруучулук иштерди жакшыртуу жана заманбап талаптарга ылайык иш жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Абдыкадыр Жунусов катышуучуларга ишти жоопкерчилик менен аткарууну, алдыга коюлган пландарды гарфикке ылайык кечиктирбектен оз убагында ишке ашырууну жана кесиптик бирлик уюмдарынын милдеттерин калк алдында таза сактоону эскертти. Ошондой эле ар бир уюм мүчөлөр менен тыгыз байланыш түзүп, өз ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө умтулушу зарылдыгын билдирди.
Мындан тышкары катышуучуларга кесиптик бирлик ишмердүүлүгүн уюштуруу, каржылык жана административдик документтерди талапка ылайык жүргүзүү, отчеттуулукту туура даярдоо жана каржылык тартипти сактоо боюнча усулдук сунуштар берилди. Аны менен катар жыйындын алкагында иш тажрыйбасын өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болуп, катышуучулар өз ара тажрыйба бөлүшүп, кесиптик бирлик ишин өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын талкуулашты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ош облусу боюнча өкүлү А.Саттаров, ошондой эле Ош облусуна караштуу райондук кесиптик бирлик комитеттеринин, шаардык жана жогорку окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери катышты.

















