Семинардын жүрүшүндө кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, эмгек мыйзамдарынын талаптарын так сактоо, кызматкерлердин мыйзамдуу укук-мүдөөсүн коргоо жана жамааттык келишимдердин сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Катышуучулар тарабынан практикалык суроолор берилип, аларга тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов катышып, катышуучуларга мазмундуу маалымат берип, практикалык түшүндүрмөлөрдү берди.

















