Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда билим берүү тармагындагы кесиптик бирликтин мүчөлөрү үчүн семинар-кеңешме өткөрүлдү

Семинарда эмгек мыйзамдарынын аткарылышы, кызматкерлердин укуктарын коргоо, эмгек шарттарын жакшыртуу маселелери жана жамааттык келишимдерди натыйжалуу ишке ашыруу боюнча практикалык сунуштар кеңири талкууланды. Ошондой эле билим берүү мекемелериндеги социалдык кепилдиктерди күчөтүү багытында пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов катышып, катышуучуларга мазмундуу маалымат берип, практикалык түшүндүрмөлөрдү берди.

Окшош жаңылыктар