Семинардын жүрүшүндө кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер жана кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого байланыштуу механизмдер талкууланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин кызматкерлери, ошондой эле ФПСКнын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Исакова Гулай Кайбидиновна жана психолог Чолпон Жээнбекова катышып, катышуучуларга мазмундуу маалымат жана практикалык түшүндүрмөлөрдү беришти.














