Семинардын жүрүшүндө кесиптик бирликтин учурдагы ишмердүүлүгү, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, эмгек жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору, жамааттык келишимдердин аткарылышы, ошондой эле кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого багытталган жолдомолорду берүүнүн негизги механизмдери талкууланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин кызматкерлери, ошондой эле ФПСКнын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Исакова Гулай Кайбидиновна жана психолог Чолпон Жээнбекова катышып, катышуучуларга мазмундуу маалымат жана практикалык түшүндүрмөлөрдү беришти.
















