Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов катышып, өз сөзүндө кесиптик бирликтин биримдиги жана жамааттык тилектештик билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү фактору экенин баса белгиледи. Ал жаңы комитеттин ишине ийгилик каалап, борбордук комитет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
Конференциянын жыйынтыгында кесиптик бирлик комитетинин төрагалыгына Мусакулов Нурбек Куралбекович шайланды. Катышуучулар жаңы төраганын ишине ийгилик каалап, алдыга коюлган милдеттерди аткарууда жамааттык колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

















