Ысык-Көл районунда, Чолпон-Ата шаарында билим берүү тармагындагы кесиптик бирликтин мүчөлөрү үчүн семинар-кеңешме өткөрүлдү

Семинардын жүрүшүндө кесиптик бирликтин учурдагы ишмердүүлүгү, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, эмгек жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору, жамааттык келишимдердин аткарылышы, ошондой эле кызматкерлердин ден соолугун чыңдоого багытталган жолдомолорду берүүнүн негизги механизмдери талкууланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин кызматкерлери катышып, катышуучуларга мазмундуу маалымат жана практикалык түшүндүрмөлөрдү беришти.

Окшош жаңылыктар