Ош мамлекеттик университетинин ректору менен жолугушуу өттү

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кудайберди Кожобеков менен Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек жана социалдык укуктарын коргоо боюнча кызматташтык маселелери талкууланды.

Тараптар билим берүү сапатын жогорулатуу, профессордук-окутуучулар курамын колдоо жана кесиптик бирлик менен жогорку окуу жайдын ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоо зарылдыгын белгилешти.

Окшош жаңылыктар