Араван райондук кесиптик бирлик комитетинде кезексиз пленум өтүп, комитеттин төрагасы Токторали Султанов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын билдирип, пленум катышуучулары тарабынан колдоого алынды.
Пленумдун чечими менен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жакып Мамажанов Араван райондук кесиптик бирлик комитетинин жаңы төрагасы болуп шайланды. Жаңы жетекчиге ишеним көрсөтүлүп, алдыдагы милдеттер, билим берүү тармагындагы кызматкерлердин социалдык укуктарын коргоо жана кесиптик бирликтин ишин күчөтүү боюнча бир катар сунуш-пикирлер айтылды.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов катышып, райондук комитеттин ишмердүүлүгүнө жогору баа берди. Ал кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн биримдигин бекемдөө, билим берүү кызматкерлеринин кызыкчылыктарын коргоо боюнча алдыдагы максаттарга токтолду.
Пленумдун соңунда билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан педагогикалык жамааттын өкүлдөрүнө Борбордук комитеттин сыйлыктары тапшырылды.


















