Урматтуу илим кызматкерлери, окумуштуулар жана билим берүү тармагындагы кесиптештер!

Сиздерди 10-ноябрь — Илим күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Илим – өлкөнүн өнүгүүсүнүн, коомдун өсүшүнүн жана келечектин жарык багытынын негизги булагы. Сиздердин тынымсыз эмгегиңиздер, изденүүңүздөр жана жаңы ачылыштарыңыздар Кыргызстаныбыздын интеллектуалдык жана руханий байлыгын арттырып, жаш муундардын билимге болгон кызыгуусун күчөтүүдө.

Бул күн илимге өмүрүн арнаган, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошуп келген ар бир окутуучу, изилдөөчү жана адис үчүн чоң сыймык.

Сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик, жаңы изилдөөлөрдө чоң жетишкендиктерди каалайм! Эмгегиңиздер элге кызмат кылып, Кыргызстаныбыздын өнүгүүсүнө өбөлгө болсун!

Илим күнүңүздөр менен, урматтуу кесиптештер!
Улуттук илим менен билим ар дайым өсүп-өнүгүп, өлкөбүздүн келечегин жарыктантсын!

Боёнов Саламат Акылбекович
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин
кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы

Окшош жаңылыктар