Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан «Кызыл Гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда Кыргыз Республикасынын Илим жана билим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин кезексиз пленуму болуп өттү

Иш-чарага пленум мүчөлөрү менен катар атайын чакырылган коноктор да катышышты. Коноктордун катарында Кыргыз Республикасынын Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын биринчи орун басары Боёнов С.А. болду. Пленумду Кыргыз
Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин борбордук комитетинин төрагасы Нурматов Рустам Асанович жетектеди.
Пленумдун күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

– пленум мүчөлөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
– президиумдун курамын жаңылоо;
– текшерүү комиссиясын шайлоо;

– сыйлыктар боюнча маселелер жана айрым жоболорго толуктоолорду киргизүү.
Пленум жогорку деңгээлде өтүп, маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Окшош жаңылыктар