Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлерге жайкы эс алууга арналган иш-чараларын улантууда.
Ага ылайык, 2026-жылдын 9–13-августуна чейин ОшМУнун 38 кызматкери Ысык-Көлдөгү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу «Кызыл гвоздика» эс алуу борборунда жайкы эс алуусун өткөрүштү.
Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги тарабынан катышуучулар үчүн атайын программа түзүлүп, анын алкагында эс алуучулар ден-соолукту чыңдоого арналган ысык сууга, керекметүү Ысык-Көлгө түшүп, спорттук оюндарга катышып, ар бир күнүн кызыктуу өткөрүүгө мүмкүндүк алышты.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети билим берүү тармагындагы кызматкерлерди колдоо жана алардын эс алуусуна шарт түзүү багытындагы иштерди мындан ары да уланта берет.


















