«Кесиптик бирликтин заманбап кызматташтыгынын ролу: түрк тилдүү мамлекеттердеги билим берүү жана илим тармактарындагы туруктуу өнүгүүлөр» аттуу XVIII Эл аралык форум болуп өттү

2026-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында «Кесиптик бирликтин заманбап кызматташтыгынын ролу: түрк тилдүү мамлекеттердеги билим берүү жана илим тармактарындагы туруктуу өнүгүүлөр» аттуу XVIII Эл аралык форум болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулуп, Кыргызстан кабыл алуучу тарап болду.

Жыйынга Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Румыния жана Түндүк Македония өлкөлөрүнүн кесиптик бирликтеринин жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Ардактуу коноктордун арасында кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев катышты.
Түркиядан Эл аралык Евразия Билим берүү кесиптик бирликтер биримдигинин
төрагасы Талип Гейлан жана Эл аралык Евразия билим берүү кесиптик бирликтер биримдигинин башкы катчысы Дженгиз Коджакаплан катышты.

Ошондой эле Өзбекстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Республикалык кеңешинин төрагасынын орун басары Махмуд Бобоёров, Казакстандын билим, илим жана жогорку билим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы Айгуль Мукашева, Македония кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Вильдан Даутовска, Румыния билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Вилдан Бормамбет, ошондой эле Түркмөнстандан Аркадаг шаардык кесиптик бирликтер бирикмесинин төрагасы Ёллыев Аннамурад Байрамгелдиевич катышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Боёнов Саламат Акылбекович катышуучуларды куттуктап, эл аралык кызматташуунун маанисин белгиледи жана Ассамблеянын ишине ийгиликтерди каалады.

Форумдун алкагында катышуучулар билим берүү жана илим тармагындагы кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, кесиптик бирликтердин коомдогу ордун бекемдөө жана заманбап чакырыктарга ылайык иш алып баруу боюнча пикир алышышты.
Эл аралык форум түрк тилдүү мамлекеттердин жана өнөктөш өлкөлөрдүн кесиптик бирлик уюмдарынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана келечектеги кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого өбөлгө түздү.

XVIII Эл аралык форум билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин ортосундагы өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрүп, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана жалпы билим берүү мейкиндигин өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп калды.

Окшош жаңылыктар