Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Баткен облусундагы өкүлү З. Бөтөков жана Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Баткен облусундагы өкүлү Х. Айкыновдор Кадамжай районундагы Чукур-Кыштак, Адыр, Өрнөк, М. Горький, Т. Тургунов атындагы жалпы билим берүүчү мектептерине жана «Акылман» мектепке чейинки билим берүү мекемелерине төмөнкү багыттар боюнча биргелешкен мониторинг жүргүзүшүп, усулдук жардам беришти:
- эмгекти коргоо;
- техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы;
- жамааттык келишимдердин түзүлүшү;
- баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын иш кагаздарынын номенкулатурага ылайык жүргүзүлүшү.
Билим берүү мекемелеринин эмгек жамааттары менен жолугушуулар өткөрүлүп, Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясы жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кенири маалыматтар берилди.














