Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов Борбордук комитеттин кызматкерлери менен бирге Баткен облусунун Лейлек районуна иш сапары менен барып, Жаштык айылындагы «Кыргызстандын 60 жылдык» орто мектебинин жана Борбордук айылынын Хамза атындагы орто мектеп жамааты менен жолугушту.
Иш сапардын жүрүшүндө мугалимдердин эмгек шарттары жана жамааттын муктаждыктары боюнча маалымат алынып, көтөрүлгөн маселелер талкууланды.
Сапардын максаты — аймактардагы билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртууга багытталган колдоо чараларын белгилөө болду.




















