2025-жылдын 23-май күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин отчеттук конференциясы болуп өттү. Конференцияга район аймагындагы билим берүү мекемелеринин кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада акыркы жылдардагы кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү боюнча отчёт угулуп, жигердүү талкуулар жүрдү. Конференциянын жүрүшүндө жаңы төрага 5 жылдык мөөнөткө шайланып, кесиптик бирлик ишинин сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Нурматов Рустам Асанович катышып, делегаттарга кесиптик бирликтин приоритеттери жана алдыдагы пландары тууралуу кеңири маалымат берип, жаңы шайланган жетекчиликке ийгилик каалады.
Бул жыйын райондук кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө, мүчөлөрдүн социалдык-эмгек укуктарын коргоого жана алардын кызыкчылыктарын илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.



