Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо” күнүнө карата “Мугалим жана коом” аталышындагы республикалык форум болуп өттү.
Форумга КРнын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Рустам Нурматов, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Жаныш Ражимжанов, Жалал-Абад облусу боюнча райондук акимдер, мэрлер, кесиптик бирликтин райшаардык комитеттеринин төрагалары жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү, ата-энелер катышты.
Форумдун башында Барпы театры тарабынан “Менин мугалимим” деген аталыштагы спектакль тартууланды. Андан соң билим берүү тармагы боюнча докладдар жасалды.
Иш-чаранын жүрүшүндө кесиптик бирлик комитетинин өнүгүшүнө салым кошкон социалдык өнөктөштөр төш белги жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.










