Ош мамлекеттик университетинин базасында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан “Ден соолук – 2025” аттуу спартакиада өттү

Ага Ош облусунун жети району жана Ош шаарындагы төрт жогорку окуу жайдын командалары катышып, спорттун алты түрү боюнча күч сынашты.
Ачылыш аземинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматов жана ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы А.Э. Саттаров куттуктоо сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалашты.
Жыйынтыгында ОшМУнун волейбол командалары (40 жаштан жогору жана 40 жашка чейинки агай-эжелер), ордо жана шахмат боюнча биринчи орунду камсыз кылышты. Кичи футбол, тогуз коргоол жана стол теннисинде да мыкты жыйынтыктар көрсөтүлдү.
Жалпы командалык эсеп боюнча ОшМУ 1-орунду, ОшТУ 2-орунду, ал эми Ноокат командасы 3-орунду ээледи.

Окшош жаңылыктар