Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Эл аралык эмгек уюмунун №192 «Өндүрүштө биологиялык факторлордон коргонуу жана алдын алуу» боюнча Конвенциясын жайылтууга, ошондой эле «Кесиптик бирликтеги жаштар саясаты» темасына арналган эл аралык семинар өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин Борбордук комитетинин төрагасы Боёнов Саламат Акылбекович катышып, катышуучуларды куттуктады.
Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети менен «Казакстандын агартуу, илим жана жогорку билим берүү тармагынын кызматкерлеринин тармактык кесиптик бирлиги» коомдук бирикмесинин ортосунда өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Бул меморандум эки өлкөнүн кесиптик бирликтери ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана жаштарды профсоюздук кыймылга активдүү тартууга багытталган.






















