Пленумдун күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1️⃣ Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматовдун 9 ай ичинде аткарган иши боюнча отчёту угулду;
2️⃣ Борбордук комитеттин мүчөлөрүнүн курамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди;
3️⃣ Төрага Рустам Нурматов башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу боюнча кызматынан бошотулуп, мурда кызматын тапшыруу тууралуу арызы каралды.
Жыйындын жыйынтыгында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жаңы төрагасы болуп — Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын (ФПСК) төрагасынын биринчи орун басары Бойенов Саламат Акылбекович — бир добуштан шайланды.





















