Жолугушуунун жүрүшүндө билим жана илим тармагын өнүктүрүүдө кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо жана жакшыртуу боюнча маанилүү маселелер талкууланды.
Тараптар мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу багытында пикир алышышты. Бул жолугушуу билим жана илим тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана келечектеги натыйжалуу кызматташууну камсыз кылууга багытталган олуттуу кадам болуп саналат.















