2025-жылдын 1-5-сентябрында Түркиянын борбору Анкара шаарында Евразия билим берүү союздарынын Эл аралык биримдигинин 17-Өкүлчүлүк Ассамблеясынын жыйыны «Түрк дүйнөсүнүн билим конгресси» өтүп жатат.
Конгрессге КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматов баштаган делегация катышууда.
Конгресстин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү, мугалимдердин социалдык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле кесиптик бирликтердин ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери талкууланууда.




























