Мектеп мугалимдери арасындагы спартакиада«Дени сак мугалим — бекем билим»

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин демилгеси менен Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Ош шаарындагы жалпы билим берүүчү мектеп мугалимдери арасында спартакиада өткөрүлдү.

Мелдештер 5 спорт түрү боюнча өттү:
• волейбол
• шахмат
• тогуз коргоол
• үстөл тенниси
• ордо

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Нурматов Рустам Асанович ачылыш аземине жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатына жеке катышты.

Иш-чаранын максаттары:
• Педагогдор арасында дени сак жашоо образын жайылтуу
• Достукту жана биримдикти бекемдөө

Спартакиада 12–15-май күндөрү административдик аймактар боюнча өтүп, ал эми финалдык мелдештер 2025-жылдын 19-майында Ош шаарындагы №52 Кыргыз-Түрк достук мектебинде болуп өттү.

Сыйлык фонду (волейбол):
🥇 1-орун — 40 000 сом
🥈 2-орун — 30 000 сом
🥉 3-орун — 20 000 сом

Башка спорт түрлөрүнүн жеңүүчүлөрү да акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!
Спорт — бул ден соолук, күч жана биримдик!

Окшош жаңылыктар