КР БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК БИРЛИГИНИН БОРБОРДУК КОМИТЕТИНИН VIII СЪЕЗДИ: жаңы төрага шайланды

2025-жылдын 28-февралында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин VIII съезди болуп өттү.
Съездге Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумалиде уулу, кесиптик бирликтин райондук, шаардык жана жогорку окуу жайларынан шайланган 80 делегаттын ичинен 74 делегат, ошондой эле атайын чакырылган коноктор катышышты.

Съездин күн тартиби боюнча кесиптик бирликтин борбордук комитетинин төрагасы М. Примкулов Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин VIII съездинде 2020 – 2024-жылдар аралыгындагы ишмердиги жөнүндө маалымат берип, өткөн 5 жыл ичинде жүргүзүлгөн иш-аракеттердин негизги багыттарына токтолуп, билим берүү кызматкерлеринин укуктарын коргоо, эмгек шарттарын жакшыртуу, социалдык камсыздандыруу, эс алууларын уюштуруу жана агартуу иштер боюнча маалымат берди.

Республикалык текшерүү комиссиясынын отчету боюнча текшерүү комиссиясынын төрайымы Рано Карабашованын 2020 – 2024-жылдар аралыгындагы каржы иштеринин аткарылышы жөнүндө маалыматы угулду.

КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына киргизилген толуктоолор съездин делегаттары тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Съездин жүрүшүндө айрым делегаттар жарыш сөзгө чыгып, кесиптик бирликтин ишмердигине байланыштуу сунуштарын жана сын пикирлерин билдиришти.

Ал эми Съездин делегаттары кесиптик бирликтин борбордук комитетинин төрагасы кызматына борбордук комитеттин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Нурматов Рустам Асановичти ачык бир добуштан шайлашты. Төраганын орун басары болуп К.Карасаев атындагы БГУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кудайкулов Айбек Оганович дайындалды.

КР билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин курамы 55 адамдан, республикалык текшерүү комиссиясынын курамы 5 адамдан жана кесиптик бирликтин президиумунун курамы 15 адамдан бекитилди.

Окшош жаңылыктар