ОшМПУда кызматкерлер арасында “Сабактан сахнага” кароо-сынагы уланууда. Иш-чараны окуу жайдын кесиптик бирлик комитети жана коомчулук менен байланыш бөлүмү уюштурууда.
Сынактын алкагында өткөн интеллектуалдык этаптын жыйынтыгында:
• III орун — “Рух деми” (колледж)
• II орун — “Nomad” (гуманитардык факультет)
• I орун — “Бийиктик” (Кыргыз-Россия факультети)
I жана II этаптардын жыйынтыгы боюнча жалпы упайлар төмөнкүдөй:
• 4 упай — “Билим деми — биримдикте”, табият таануу жана география факультети
• 5 упай — “Бөбөктай”, математика жана компьютердик технологиялар факультети
• 7 упай — “Рух деми”, музыкалык-педагогикалык факультети
• 8 упай — Кыргыз-Россия факультети
• 9 упай — гуманитардык факультет
Сынактын байге фонду 130 миң сомду түзөт. Финалдык III этап 8-апрелде Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында өтөт.

















