Кадамжайда мугалимдер жана кесиптик бирлик өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Кадамжай районундагы Бабур атындагы жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залында Борбордук Комитеттин төрагасынын кеңешчиси А. Жунусов, Борбордук Комитеттин Баткен областындагы өкүлү З. Н. Бөтөков менен Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын кесиптик бирлигинин төрагалары, төрайымдары жана мугалимдеринин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда А. Жунусов мугалимдердин коомдогу орду, кесиптик бирликтердин аткарган иштери жөнүндө сөз сүйлөп, мугалимди коомдогу эң ардактуу кесип экендигин баса белгиледи.

Окуучуларга билим жана тарбия берүүдө өзгөчө эмгек сиңирген жана кесиптик бирликтин ишине активдүү катышкан кесиптик бирлик мүчөлөрү «Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы» төш белгиси жана Борбордук Комитеттин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Окшош жаңылыктар