“Жылдын мыкты мугалими-2026” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2026” кароо-сынагынын райондук турунун жеңүүчүлөрү жана окуучусу облустук олимпиадада байгелүү орунга жеткен мугалимдер сыйланды.
Ноокат райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан “Жылдын мыкты мугалими, тарбиячысы-2026” кароо сынагында 1-орунду багындырган 21 мугалимге планшет, 2-орунду багындырган 27 мугалимге коңшу Өзбекстан мамлекетинин Наманган шаарына экскурсияга саякатка жолдомо берилди.
Окуучусу олимпиадан байгелүү орунга жеткен 19 мугалимге Өзбекстан республикасынын борбору Ташкент шаарына 3 күнгө экскурсияга жолдомо берилди.
Иш чарага КР БКнын төрагасынын кеңешчиси А.А. Жунусов, КР БКнын Ош облусу боюнча өкүлү А.Э. Саттаров, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлери катышты.
















