2026-жылдын 25-мартында Баткен шаарындагы №4 мектептин жыйындар залында окуучулардын предметтик олимпиадасынын шаардык жана облустук этаптарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Бул иш-чарага Баткен шаарынын мэри С. Д. Кулубаев, социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Д. Эгембердиева, Баткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси М. С. Бегалиев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К. Акимов, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин төрайымы Ы. Сапарбаева, ошондой эле олимпиаданын жеңүүчү окуучулары жана мугалимдер катышышты.
Иш-чаранын көркүн аталган мектептин жаш таланттары майрамдык ыр белектери менен ачып беришти.
Өнөктөш катары Баткен шаардык мэриясы жеңүүчү окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге акчалай сыйлыктарды жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Ал эми шаардык кесиптик бирлик комитети шаардык жана облустук этаптардын жеңүүчүлөрүн даярдаган мугалимдерге акчалай сыйлыктарды ыйгарды.
Соңунда олимпиаданын республикалык этабына жолдомо алган окуучуларга ийгилик кааланды.














