Кадамжай райондук кесиптик бирлик комитетинде кезексиз пленум өттү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары А. Кудайкулов жана Борбордук комитеттин Баткен облусундагы өкүлү З. Бөтөковдун катышуусунда Кадамжай райондук кесиптик бирлик комитетинин кезексиз пленуму болуп өттү.

Пленумдун жүрүшүндө уюштуруу маселеси каралып, КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Жаникулов Каныбек Байышбекович дайындалды. Пленум мүчөлөрү бир добуштан колдоду

Ошондой эле пленумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.

Окшош жаңылыктар