Аламүдүн районунда билим берүү тармагындагы кызматкерлер үчүн кеңешме-семинар өткөрүлдү. Иш-чарага билим берүү мекемелеринин жетекчилери, ошондой эле Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин башкы укук инспектору Канатбеков А.К. катышты.




















