Талас райшаардык билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер үчүн кеңешме-семинар өткөрүлдү. Иш-чарага мектеп директорлору, бала бакчалардын жетекчилери жана баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары катышты.
Жолугушуу билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо, кызматкерлердин укуктарын коргоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча практикалык сунуштарды берүү максатында уюштурулду.




















