Талас райшаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинде отчеттук-кайра шайлоо өткөрүлүп, комитеттин жаңы төрайымы болуп Осмоналиева Гулсайра Болотбековна шайланды.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төраганын орун басары Айбек Кудайкулов катышып, жаңы шайланган төрайымды куттуктап, кесиптик бирликтин алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

















