Жолугушуунун алкагында билим берүү мекемелеринде иш жүргүзүү тартиби, кызматкерлердин эмгек укуктарын сактоо жана алардын социалдык маселелери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле жамааттык келишимдерди колдонуу тартиби жана алардын эмгек мамилелерин жөнгө салууда аткарган ролу боюнча түшүндүрмө жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар менен ачык маек уюштурулуп, ар түрдүү суроолор талкууланды. Жолугушуу учурунда пайдалуу пикирлер айтылып, катышуучулар өз ара тажрыйба алмашышты.




















