Талас облусунун Манас райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинде отчеттук-кайра шайлоо жыйыны өткөрүлүп, жаңы төрага шайланды.

Жыйындын жүрүшүндө комитеттин ишмердүүлүгү талданып, алдыдагы милдеттер жана иш пландары талкууланды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Манас райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы болуп Дуйшенбиев Нурбек Сагынбекович шайланды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төраганын орун басары Айбек Кудайкулов катышып, жаңы шайланган төраганы куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Окшош жаңылыктар