Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын кесиптик бирлик уюмуна жаңы төрага шайланды

Б. Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын кесиптик бирлик уюмунун төрагасы болуп Калыбаев Кубатбек Алмазбекович шайланды. Тиешелүү чечим академиянын жамаатынын катышуусунда өткөн отчеттук-шайлоо жыйынында кабыл алынды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары А. Кудайкулов катышып, жаңы шайланган төраганы куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ал өз сөзүндө кесиптик бирликтин кызматкерлердин укуктарын коргоодогу жана социалдык маселелерди чечүүдөгү ролуна токтолуп, натыйжалуу кызматташтыктын маанисин белгиледи.

Жыйында буга чейин эки мөөнөт катары менен төрагалык кылган Сманалы Кочкоров ыйгарым укуктарын расмий түрдө өткөрүп берди.

Окшош жаңылыктар