Иш-чарага Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациисынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Билим жана или кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин төрагасы Саламат Боёнов жана Чүй облусу, Бишкек шаарынын баштапкы кесиптик бирликтер юмдарын төрагалары активдүү катышышты.
Семинар-кеңешменин жүрүшүндө кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүнүн актуальные масласелеры, эмгек жана социалдык укуктарды коргоо, ошондой эле баштапки юмдардын ишин заман талабына ылайык өнүктүрүү масласелери талкууланды.
Өз сөзүндө ККБФ төрагасы баштапкы юмдарынын төрагаларынын ролу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи:
«Кесиптик бирликтердин күчү – баштапкы юмдарда. Көп нерсе дал ушул сиздердин күнүмдүк ишиңиздерге, жоопкерчилигиңиздерге жана активдүүлүгүңүздөргө байланыштуу. Ар бир мугалимдин укугу өз убагында корголушу керек», – деди ал.
Ошондой эле ал мугалимдердин коомдогу ордуна токтолуп, алардын эмгеги өзгөчө баалоого татыктуу экенин белгиледи:
«Мугалим – келечекти тарбиялаган негизги күч. Билим берүү тармагындагы кызматкерлерди колдоо – бул өлкөнүн келечегине кам көрүү дегенди билдирет. Кесиптик бирлик ар дайым мугалимдердин жанында болушу керек», – деп баса белгиледи төрага.
Мындан тышкары, Мурадил Джумадилде уулу кесиптик бирликтер учурда санариптештирүү жолуна түшкөнүн айтып, бүгүн профсоюз ачык, жеткиликтүү жана заманбап жолунда.
Санариптештирүү ар бир мүчө үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, иш ачык-айкын болоорун айтты.















