Чек арада эмгектенген мугалимдердин эмгеги бааланды

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан берилген Баткен районунун чек-ара аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринде эмгектенген кесиптик бирлик мүчөлөрүнө “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгилери жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Иш-чара учурунда педагогикалык жамааттарга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана реформалар тууралуу маалыматтар берилди.

Учурунда сыйлык алган кесиптик бирлик мүчөлөрү Борбордук комитетке терең ыраазылыктарын айтышты.

Окшош жаңылыктар