Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов билим берүү мекемелеринин кесиптик бирлик комитеттеринин жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү.
Жолугушууга өлкө боюнча райондук, шаардык комитеттердин, ошондой эле жогорку (ЖОЖ) жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын (АКОЖ) кесиптик бирлик комитеттеринин төрага жана төрайымдары катышты.
Санариптик форматта өткөн бул жыйында 2026-жылга карата белгиленген иш пландар жана каржылык маселелер талкууланып, кызматкерлердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган алдыдагы иш-аракеттер аныкталды.

















