Аксы райондук кесиптик бирлик комитетинин кезектеги кайра шайлоо конференциясы өттү

Аксы райондук кесиптик бирлик комитетинин отчёттук-кайра шайлоо конференциясы өтүп, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов катышты.

Конференциянын жүрүшүндө уюмдун соңку жылдардагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчёт угулду. Шайлоонун жыйынтыгында төрага болуп кайрадан Биримкулов Тынчтыкбек Карачбаевички кайра шайланды.

Иш-чаранын соңунда билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жигердүүлүк көрсөтүп келе жаткан бир катар мугалимдер Борбордук комитеттин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Окшош жаңылыктар