КЕСИПТИК БИРЛИКТИН РОЛУ ЖАНА ЭМГЕК УКУКТАРЫ: МАНАС ШААРЫНДА ОКУТУУ СЕМИНАРЫ ӨТТҮ

2025-жылдын 27-ноябрында Манас шаарындагы №14 жалпы билим берүүчү орто мектебинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитети тарабынан Токтогул, Таш-Көмүр, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Манас шаарларынын кесиптик бирлик мүчөлөрү үчүн “Билим берүү уюмдарындагы кесиптик бирликтин ролу: укуктар, милдеттер” темасындагы окуу-семинары болуп өттү.

Семинарга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Саламат Боёнов, Борбордук Комитеттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Сопубек Сараиев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Манас шаардык Комитетинин төрагасы Максат Мамасадыков жана баштапкы кесиптик бирликтердин төрагалары, төрайымдары катышты.

Семинар Борбордук комитеттин аппарат кызматкерлери жана Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын алдындагы Эмгек Институтунун Профсоюзу менен биргеликте уюштурулду.

Семинарда, кесиптик бирликтин укуктары, милдеттери, жамааттык келишимдер, эмгек мыйзамдары тууралуу маалымат берилип, презентациялар көрсөтүлдү.
Семинардын жыйынтыгында 100гө жакын катышуучуга Борбордук Комитеттин сертификаттары тапшырылды.

Окшош жаңылыктар