Борбордук Комитеттин кызматкерлери Чүй облусунун бир катар райондорундагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен жолугушууларды өткөрүштү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин кызматкерлери Чүй облусунун бир катар райондорундагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен жолугушууларды өткөрүштү. Иш-сапардын алкагында Панфилов, Жайыл, Московский, Сокулук, Ысык-Ата, Кемин жана Чүй–Токмок райондорунун баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен маанилүү талкуулар жүрдү.

Жолугушууларда мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин учурдагы көйгөйлөрү, эмгек шарттары, айлык маянага байланышкан маселелер, социалдык кепилдиктер, укуктук колдоо, профсоюз мүчөлөрүнүн активдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу бир катар маанилүү багыттар каралды.

Борбордук Комитеттин өкүлдөрү ар бир райондогу абал менен жеке таанышып, көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча сунуштарды кабыл алышты. Мындан тышкары, баштапкы уюмдардын ишин чыңдоо, мугалимдердин үнүн угууга жана алардың укуктарын коргоого багытталган иштер боюнча өз ара пикир алмашуулар болду.

Окшош жаңылыктар