Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарындагы ЖОЖдордун билим жана илим кызматкерлеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана төрайымдары үчүн «Билим берүү уюмдарындагы кесиптик бирликтин ролу: укуктар жана милдеттер» аттуу окутуу семинары болду.
Семинарга КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов , ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору, доцент К.Ш. Аттокуров ачып берди. Семинар Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын алдындагы Эмгек Институтунун Профсоюзу менен биргеликте уюштурулду . Иш-чарага Борбордук комитеттин аппарат кызматкерлери жана ОшМУ, ОшТУ, КӨЭАУ, ОШМПУ келген 70тен ашуун баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышты.
Семинарда катышуучуларга эмгек укуктары, эмгек мыйзамдары, баштапкы уюмдардын ишмердүүлүгү, алардын ишти натыйжалуу уюштуруу көндүмдөрү жана кесиптик бирликтин эмгек институту боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Бул менен бирге атайын адистер тарабынан билим берүү мекемелеринде жумуш берүүчү менен кызматкерлердин ортосундагы эмгек мамилелерин түзүүдө, жетекчиликке алынуучу ченемдик-укуктук актылар, жамааттык келишимдер жана макулдашуулар, социалдык өнөктөштүк, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мыйзамдык жана уставдык укук-милдеттери боюнча презентациялар жасалды.
Окутуунун жыйынтыгында атайын тастыктоочу сертификаттар тапшырылып, катышуучулар тараптан ыраазычылыктар айтылды.































