БАТКЕН ШААРЫНДА БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМДАРЫ ҮЧҮН ОКУТУУЧУ СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары А. Кудайкулов жана аппарат кызматкерлери тарабынан Баткен, Кадамжай райондорунун, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары үчүн «Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын укуктары жана милдеттери» аттуу семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага социалдык өнөктөштөр, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана райшаардык комитеттердин төрагалары катышты. Семинарда жамааттык келишимдер, укуктук жана эмгек мамилелерине байланыштуу темалар боюнча презентациялар жасалып, талкуулар уюштурулду.

Семинардын жыйынтыгында 100гө жакын катышуучуга Борбордук комитеттин сертификаттары тапшырылды. Ошондой эле катышуучулар тарабынан семинардын мазмундуу уюштурулушу үчүн Борбордук комитетке ыраазычылык билдирилди. Баткен мамлекеттик университетинин ректораты тарабынан да ыраазычылык кат тапшырылды.

Окшош жаңылыктар