БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНДАГЫ КЕСИПТИК БИРЛИК СЕМИНАРЫ

Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында билим берүү кызматкерлеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана төрайымдары үчүн «Билим берүү уюмдарындагы кесиптик бирликтин ролу: укуктар жана милдеттер» аттуу окутуучу семинар уюштурулду.

Иш-чарага жалпы 100гө жакын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышты. Семинардын жүрүшүндө эмгек укуктары, эмгек мыйзамдары, баштапкы уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын ишти натыйжалуу уюштуруусу боюнча көндүмдөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага Борбордук комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов жана аппарат кызматкерлери катышты.

Окшош жаңылыктар