Тоң райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетине жаңы төрага шайланды

Тоң райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин кезектеги конференциясы болуп өттү. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги, мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кесиптик бирлик уюмдарынын делегаттары жана коноктор катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө кесиптик бирликтин билим берүү тармагындагы маанилүү ролу, кызматкердин укуктарын коргоодо, алардын социалдык абалын жакшыртууда профсоюз уюмдарынын орду белгиленди.
Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири — 5 жылдык отчет жана текшерүү комиссиясынын иши боюнча маалыматы, ошондой эле райондук комитеттин төрагасын шайлоо болду. Делегаттардын бир добуштан колдоосу менен Муратбек уулу Назаркул кайрадан бул кызматка шайланды.
Назаркул Муратбек уулу өз сөзүндө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да кесиптик бирлик уюмун өнүктүрүүгө, мүчөлөрдүн кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого, билим берүү кызматкерлеринин абалын жакшыртууга багытталган ишти уланта берерин белгиледи.

Окшош жаңылыктар